Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

"Санарип көчмөн" макамын алган мамлекеттердин катарына дагы 6 өлкө кошулат

© Sputnik / Асел АкматЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чет элдик жарандар менен иш алып баруу бөлүмүнүн башкы адиси Арлен Алиясов
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чет элдик жарандар менен иш алып баруу бөлүмүнүн башкы адиси Арлен Алиясов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Жазылуу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чет элдик жарандар менен иш алып баруу бөлүмүнүн башкы адиси Арлен Алиясов "Санарип көчмөн" статусун кайсы өлкөлөрдүн жарандары ала аларын айтты.
Өкмөт чет элдиктерге берилчү "Санарип көчмөндү" толук мыйзамдаштырууну көздөөдө. Бул тууралуу Арлен Алиясов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
"Санарип көчмөн" макамын алган мамлекеттердин катарына дагы 6 өлкө кошулат
Анын айтымында, буга чейин аталган макамды алты өлкөнүн жарандары алып келген.
"Чет элдик IT-адистерине "Санарип көчмөн" (Digital nomad) статусун берүү боюнча пилоттук долбоор ийгиликтүү жыйынтыкталып, аны мыйзам менен бекитүү сунушталды. Демилгени Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга койду. Аталган статусту берүү тартиби 2022-жылдын сентябрынан бери өкмөттүн убактылуу жобосу менен иштеп келген. Буга чейин мындай макамды Азербайжандын, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова жана Россиянын IT адистери алып келсе, мындан ары АКШ, Улуу Британия, Түндүк Ирландия, Германия, Корея жана Индия өлкөлөрүн да кошуу каралып жатат. Бүгүнкү күндө "Санарип көчмөн" статусу эң көп РФ жарандарына берилүүдө. Андан кийинки орунда Беларусь менен Казакстан турат. Армениядан салыштырмалуу кайрылуулар азыраак", — деди Алиясов.
Ал "Санарип көчмөн" статусун алган чет элдик жарандарга бир топ артыкчылыктар берилерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0