Аскат Алагозов президенттин маалымат катчысы болуп дайындалды

© AFP / Justin Sullivan / Getty ImagesКиши портфелге иш кагаздарын салып жатат. Архивдик сүрөт
Киши портфелге иш кагаздарын салып жатат. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Аскат Алагозов Кыргызстандын президентинин маалымат катчысы болуп дайындалды.
© Фото / пресс-служба президента КРАскат Алагозов президенттин маалымат катчысы болуп дайындалды
Назначение нового пресс-секретаря президента КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Аскат Алагозов президенттин маалымат катчысы болуп дайындалды
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Алагозов Беларуска элчи болуп кеткен Эрбол Султанбаевдин ордуна барды.
Учурда ал президенттин маалымат кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп жаткан. Мурда мамлекеттик "Пирамида" телеканалынын директору кызматын да аркалаган.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Беларуска элчи болуп дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0