Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевАйбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды. Архивдик сүрөт
Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Жунушалиев 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын февралына чейин Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалаган.
Ал учурдагы президент менен министрлер кабинетинин Чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси кызматынан бошотулуп, кайрадан мэр болуп келди.
Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров иштен кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0