Дүйнөлүк полиция акылдан азды, ага да Путин айыптуу. Ой толгоо

© AP Photo / Manuel Balce CenetaВашингтондо Израилди колдоо митинги
Вашингтондо Израилди колдоо митинги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Жазылуу
БУУнун Израиль менен Палестинаны тезинен элдешүүгө үндөгөн резолюциясына добуш берүү баары сезе элек бир нерсени ачыктап койду. Күндеминдеги маселелер боюнча Вашингтондун пикири эч кимди кызыктырбай калыптыр. АКШ БУУнун аянтчасында дээрлик толук обочолонуп калды.
Араб өлкөлөрү тарабынан сунушталган резолюциянын маңызы жөпжөнөкөй. Ал жаңжалдын бардык тараптарынан ок атууну токтотуп, жарашып, жарандык туткундарды коё берип, бейкүнөө аялдарды, карыя, балдарды өлтүрбөөгө чакырат. Мындай түшүнүктүү гумандуу демилгени дүйнөнүн басымдуу бөлүгү жактырып, колдоп берди. А бирок каршы чыккандар бирин-экин да эмес экенине таң калганын жашырбайт Виктория Никифорова. Серепчинин дал ушул туурасындагы ой толгоосу РИА Новости сайтына жарыяланган.
Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясына 14 (он төрт) өлкө каршы чыкты. Алдыңкы сапта АКШ менен Израиль турганына эми таң калуунун кажети жоктур. Андан ары тизмеде Австрия-венгриялык империянын калдыктары — Австрия, Венгрия, Чехия жана Хорватия бар. Кызыгы, тизмени андан ары Парагвай, Гватемала, Фижи, Тонга, Маршалл аралдары, Микронезия жана Науру улаган. Кечиресиздер, алардын арасында Папуа — Жаңы Гвинея да жок эмес. Ачыгы, Вашингтон өзүнүн тышкы саясатында таянган союздаштары ушулар эмеспи. Анткен менен алардын таасири жана аскердик күчү жөнүндө кеп кылбай эле коёлу. Болгону планетанын басымдуу бөлүгүн түзгөн учурдагы алдыңкы державалар БУУда Палестина менен Израилдин жергесинде кан төгүүнүн токтотулушун талап кылышты.
Чынында БУУда добуш берүүнүн нагыз таржымалы да өзүнчө кызык тема. 2008-жылы немец окумуштуулары америкалыктар отуз жыл бою БУУнун жүз кырк мүчөсүнүн добушун сатып алып келгени туурасындагы иликтөөсүн жарыялашкан. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттерге каражат, жеке гранттар бөлүнүп, шантаж, санкциялар да колдонулган.
Акыркы бир жарым жылда АКШнын өкүлдөрү Бириккен Улуттар Уюмунда тымызын активдешип, Россияга каршы резолюцияларга добуш берүүдө өздөрү күткөн жыйынтыкты алууга жан үрөштү. Анткен менен улам кийинкисинде абал начарлап отуруп, палестиналык-израилдик маселеде биротоло бузулду.
Франция, Бельгия, Испания, Португалия, Ирландия ок атууну токтотуу жөнүндөгү араб мамлекеттеринин резолюциясын колдошту. Британия менен Германия, ал тургай Вашингтондун ымалалаш, ынанымдуу союздаштары Канада, Австралия, Япония добуш берген жок. Ал түгүл Кошмо Штаттар курал, маяна, пенсияларды да, Зеленскийдин вилласынан тарта бүлөсүнө чейин каржылап берген Украина да америкалык кожоюндары каалагандай добуш берген жок.
Албетте, АКШга каршылык көрсөткөн Доминикан Республикасынан тарта Аргентина, Бразилияга чейинки бүтүндөй Латын Америка резолюцияны жапырт колдошту. Эмнеликтен мынчалык баш көтөрүп жатышат? Биринчиден, азыркы жаңжалдар алаканга салгандай көрүнүп турат. Алар миңдеген камераларга тартылып, түз көрсөтүлүп турат. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы көрүүчүлөр түз эфирде бардыгына толук көз сала алышат. Израиль менен Палестинадагы бүгүнкү окуялар ушунчалык үрөй учурат. Ошол себептен дүйнөлүк коомчулук андай адамгерчиликке түк сыйбаган жаңжалды токтотууну чечкиндүүлүк менен талап кылууда.
Израилдин Газа секторун түштүгүндөгү Рафах качкындар лагерине жасаган соккусунан кийин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2023
Согуш жүргүзүү мыйзамдарын унуткарыштыбы? Эске салчулар четтен чыгат
Ушул тапта Стамбул аэропортундабы же Париж аянтындагы болобу, айтор, миңдеген элдин катышуусундагы митингдердин маңызы ушунда. Адамзат саясатчыларга кайрылып, кан төгүүнү токтотууга чара көрүүнү өтүнүүдө. Араб өлкөлөрүнө каршы резолюцияга каршы чыгуу өз өлкөсүндөгү калкты өзүнө кайраштырып алууга кептеп, өзүн тарыхта согушту тутантуучу катары калтырууга тете. Андайды ким кааласын?
Мындан тышкары, Башкы ассамблеядагы добуш берүү вашингтондук режимдин тышкы саясаты баарын жадатып бүткөнүн даана көрсөтүп койду. Ондогон жылдар бою дүйнөнүн улам бир бурчунда ортого от жагып жүргөнгө болбойт. Мындайга жол берип, алакан куушуруп отургулары да жок. Кандай гана мамлекет болбосун, ар биринин каймактары эртең эле америкалыктар алардын өлкөсүнө чок көтөрүп келерин түшүнүп турат. Адамдар набыт болуп, калааларды жалын чалмап, ачкачылык башталат. Андай чектен чыгууга четте карап тура бергенге болбойт.
Дүйнөлүк көпчүлүк Вашингтонду ордуна коюуну эп көргөнү жүйөлүү. АКШны муну ич ара абдан катуу кабыл алганы менен абалды аңдай турган түрү жок. Алар үчүн буга да Путин айыптуу. "Газадагы согуш Путиндин каалаганын орундатууда", — деп кейийт The New York Times. Россия "жаңжалдан пайда табуучу" имиш. Ал тургай Кытай да мындан өзүнө добуш топтоп жаткан экен. Ортодо Путин Кытайга да барып үлгүрүп, Россия менен КЭР лидерлери "дүйнө түзүмүн кайра түзүп" чыгат экен.
Аларда уят-сыйыт деген түшүнүк барбы? Ушул саптарды жазып жатканымда Газа секторунда жүздөгөн балдар, аялдар, карыялар бейкүнөө набыт болууда, анан кайдагы дүйнө түзүмү жөнүндөгү кеп. Социалдык медиада күбө болуп жаткандарына күйүп, боздоп жаткан медициналык кызматкердин видеосун көрдүк. Эгер ЦАХАЛ толук масштабдуу операция баштай турган болсо, ХАМАС да кескин жооп кайтарары турулуу. Ошондо Израилдеги комбат эместер да кыйрай баштайт.
Качандыр бир кезде АКШ чөлкөмдөгү таасирдүү оюнчу эле. Азыр мындай үрөй учурган жаңжалды токтотууга болгон таасирин колдонсо болмок. Бирок Вашингтондогулар мындай көрүнүштү жөнгө салууга Россия менен Кытайды жолотпоонун гана санаасын тартууда.
Ошентсе да Россия да, Кытай да, башка глобалдык оюнчулар да Газа жана Израилде бейкүнөө адамдарды өлтүрүүгө жол бербөө үчүн бардык аракеттерди жасашууда. Ал эми Вашингтон Жакынкы Чыгышта чексиз кан төгүлүшүн көздөгөндөй андай жакшы ниетке болгон күчү менен тоскоол болгусу келет. БУУда АКШны Путин четке сүрүп койдубу? Жок, буга америкалык тышкы саясат кептеп койду.
Америкалык классик Стивен Кингдин акылдан азган полиция кызматкери жөнүндөгү "Аргасыздык" (Desperation) деген романы бар. Мыкты жазуучулар алдыны таасын көрө билет. Кошмо Штаттар дүйнөлүк полиция сымал көрсөтүүгө көптөн бери далалат кылганы менен чектен чыкканы бүгүн бүт ааламга айдан ачык. Кеч болуп кала электе чара көрүү – дүйнөлүк коомчулуктун шашылыш милдети.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Стамбулда өткөн Палестинаны долдоо митингинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2023
Эрдоган: Газадагы кан төгүүгө АКШ, Батыш жана алардын камчысын чапкандар жоопкер
Жаңылыктар түрмөгү
0