Путин Дагестандагы окуя Батыштын чагымчылыгы экенин айтты

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРоссия лидери Владимир Путин
Россия лидери Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Жазылуу
Президент Киев режими колдоочулары менен Россиядагы кырдаалды чайпалтууга аракет кылып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Анда Дагестандагы башаламандык менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланганын РИА Новости жазды.

Дагестандагы башаламандык

"Кечээ кечиндеги Махачкаладагы окуялар башка нерселер менен катар социалдык тармактар аркылуу да шыкак берилип, жасалды. Украинанын аймагынан да уюштурулду. Бул Батыштын чалгын кызматынан агенттеринин колунан келди. Бетпактык. Башка сөз менен айтууга да болбойт", — деди Путин.
Анын айтымына караганда, Киев режими өз колдоочулары менен Россиядагы кырдаалды чайпалтууга аракет кылууда.
"Киев режимине, алардын океандын ары жагындагы кожоюндарына таң калып бүтпөйм. Бандера жана Гитлердин башка жан-жөкөрлөрүн буга чейин эле даңктап, ардактап алышканын билебиз. Биз Украинанын жетекчилиги холокост курмандыктарынын канына забын болгон Экинчи дүйнөлүк согуштун нацисттерине кол чаап жатканын билебиз жана көрүп турабыз. Ал эми бүгүн Батыштагы кожолорунун жетекчилиги менен Россияда талап-тоноолорду уюштурууга далалат кылышууда. Айтмакчы, штаттардагы бардык жетекчилик чөйрөдөгүлөр бул жөнүндө билеринен шегим бар", — деген Путин.
Ал ошондой эле Израилдин жарандарына боору ооруп, жан тарткандарга Украинада иштеп жаткан Американын чалгын кызматтарынын ишмердүүлүгүн иликтөөнү сунуштады.
"Мен бардык аймактардын жетекчилеринин, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын жетекчилеринин көңүлүн Россиянын конституциялык түзүлүшүн, жарандарыбыздын эркиндигин жана укугун коргоо, улуттар жана диндер аралык ынтымак-ырашкерликти сактоо боюнча так иш-аракеттердин зарылдыгына бургум келет", — деди Россия президенти.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу

"Жакынкы Чыгыштагы кризистин азыркы өңүтү кандайча башталганы эсибизде, бул мамлекеттин аймагындагы Израилдин жана башка өлкөлөрдүн жай жарандарына каршы террордук чабуул менен башталды. Кылмышкерлерди, террорчуларды жазалоонун ордуна, тилекке каршы, жамааттык жоопкерчилик принцибинде өч алуу башталганын да көрүп жатабыз", — деди Путин.
Анын айтымында, алар бул аймактагы кырдаалды Россия коомун бөлүп-жарууга, анын ичинде жалганчылыкты, чагымчылыкты жана агрессияны колдонууга аракет кылууда.
"Буга чейин Жакынкы Чыгыштагы курчуп турган кырдаалды жана башка аймактык чатактарды Россияга каршы колдонуу аракеттери тууралуу айттым. Биздин көп улуттуу жана көп конфессиялуу коомубузду чайпалтуу жана ичинен иритүү далалаты болууда. Бул үчүн алар ар кандай ыкмаларды, ойлонуштурулган чагымдарды, психологиялык жана маалыматтык агрессиянын татаал технологияларын колдонушат", — деп белгиледи Россия президенти.
Ал АКШнын башчысы, элитасы жана алардын жандоочулары дүйнөдөгү олку-солкулуктун, туруксуздуктун башкы себепкерлери экенин кошумчалады.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестин-израиль жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Абал 7-октябрда Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болду дегенден бери курчуп кеткен. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган.
Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Палестина анклавында кандуу кагылышуудан мертингендердин саны 8000ден ашты, 18 миң жай тургун жаракат алганы айтылууда. Ал эми Израилде 1,4 миңдей киши көз жумду, жаракат алгандар беш миңден ашканы кабарланды.
Газа сектору менен чек арага жакын жерде Израилдин аскерлери аскердик техникада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Небензя: АКШ менен Израиль Газанын тургундарын тукум курут кылуу ниетинде
Жаңылыктар түрмөгү
0