2-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековАла-Арча улуттук паркындагы күзгү жаратылыш. ПАрхивдик сүрөт
Ала-Арча улуттук паркындагы күзгү жаратылыш. ПАрхивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2023
Жазылуу
2-ноябрда түнкүсүн өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бейшембиде күндүз көпчүлүк жерде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +13...+18, Таласта +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көлдө +10...+15 жана Нарында +8...+13 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +16...+18 жана Ош шаарында +18...+20 градусту көрсөтөт.
Мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун Бишкектеги эстелиги кар астында. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2023
Ноябрда аба ырайы кандай болору айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0