Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кубанычбеков: илбирсти көрүү үчүн 5000 доллар төлөөгө даяр туристтер бар

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Илбирс" коомдук фондунун жетекчиси Заирбек Кубанычбеков
Илбирс коомдук фондунун жетекчиси Заирбек Кубанычбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2023
Жазылуу
"Илбирс" коомдук фондунун жетекчиси Заирбек Кубанычбеков илбирсти коргоо, сактоо менен туризмди кыйла өнүктүрсө боло турганын белгиледи.
Илбирсти көрүү үчүн беш миң доллардын тегерегиндеги каражатты төлөөгө даяр туристтер бар. Бул тууралуу Заирбек Кубанычбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Кубанычбеков: илбирсти көрүү үчүн 5000 доллар төлөөгө даяр туристтер бар
Анын айтымында, андай турларды уюштуруу үчүн учурда өлкөдө тийиштүү шарт түзүлүшү зарыл.
"Илбирс экологиянын индикатору болуп эсептелет. Башкача айтканда, ал жерде илбирске тамак болчу жан-жаныбар бар, демек, оту жакшы деген кеп. Ошондуктан илбирске "улуттук жаныбар" деген статус берилип калса экологиялык багыттагы иштер мындан дагы күч алат. Ошондой эле туризм боюнча дагы кыйла жылыштар болмок. Маселен, дүйнөдө беш миң доллардын тегерегинде төлөп, илбирс көрүүнү каалагандар толтура. Атайын турларды уюштуруп, иш алып барып жүргөн уюмдар Кыргызстанда дагы аракет жасоодо. Бирок ал үчүн тийиштүү шарт, инфраструктура түзүү зарыл. Бул турларды уюштурган компаниялардын жылдык кирешеси миллион долларга чейин жетери айтылып жүрөт. Кыргызстанда жалпы туристтердин арасында илбирсти көрүүнү максат кылгандар бар, бирок атайын тоого барып, жумалап, айлап жүрүү зарыл. Анткени аталган жаныбарды көрүү абдан татаал. Соңку үч-төрт жылдан бери илбирстин санын тактоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. Болжолдуу 300-400дүн тегерегинде илбирс бар экени айтылып жүрөт. Ушул жылдын жыйынтыгы менен так саны чыгарылып, коомчулукка жарыяланат", — деди Кубанычбеков.
Ошондой эле ал санак жүргүзүү үчүн дүйнөдө колдонулуп, натыйжа берген ыкмалар пайдаланыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0