Ош менен Жалал-Абад облустарында дагы мамлекеттик дарыканалар ачылды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарында "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасынын ачылышы
Ош шаарында Эл Аман мамлекеттик дарыканасынын ачылышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2023
Жазылуу
Өлкөдө жалпысынан 46 мамлекеттик дарыкана пайда болору айтылды.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 1-ноябрда, Ош жана Жалал-Абад облустарында эки мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Дарыканалардын бири Ош облусунун Кара-Суу районунун балдар ооруканасында жана экинчиси Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында ачылды.
Дарыканада 800дөн ашык аталыштагы дары-дармектин түрү бар. Шаар тургундары дарыларды бул жактан 10-15 пайыз арзан сатып алышат.

“Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Алгач 46 дарыкана ачуу пландалууда. Келечекте дарыканалардагы дары-дармектердин ассортиментин 800дөн 2 миңге чейин көбөйтүү пландаштырылууда”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ош шаарында дагы эки мамлекеттик дарыкана ачылган.
Аптекада дарыларды сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
"Ош" базарда дары-дармекти мыйзамсыз саткан контейнерлер жабылды
Жаңылыктар түрмөгү
0