БУУнун журналисттерди коргоого жасаган кадамы. Бирок дүйнө унчуга элек

Жазылуу
Мындан 10 жыл мурда 2-ноябрды Бириккен Улуттар Уюму Журналисттерге карата жасалган кылмыштардын жазасыз калуусун токтотуунун эл аралык күнү деп кабыл алган. Анткен менен Украинада жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн өлтүрүү уланып жатат.
Украинадагы "Евромайдандан" кийин журналисттердин өлтүрүлүшү күч ала баштаган. Окурмандарга сунуштаган видедо бейажал кеткен журналисттер туурасында кеп кылабыз.
Гезиттин, телеканалдардын, порталдардын кызматкерлери: журналисттер, операторлор, фотожурналисттер ар кыл жагдайда мерт болушту. Бир катарлары спайпердин огунан каза тапса, кээ бирлерин снаряддар жалмады, дагы бирлери уюшулган топтор, ал тургай аскерлер колдуу болгону маалым. Мындай көрүнүшкө дүйнөдө бир пикирден, бир ооздон ийиндеше туруп реакция кылган эл аралык ири күчтөр, тилекке каршы, боло элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0