3-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги Эмен паркындагы саргайган дарактардын дрондон көрүнүшү. Архивдик сүрөт
Бишкектеги Эмен паркындагы саргайган дарактардын дрондон көрүнүшү. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Жазылуу
3-ноябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Жума күнү күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +13...+18, Талас жергесинде +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көл менен Нарында +10...+15 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +16...+18, Ошто +19...+21 градуска жетет.
Мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун Бишкектеги эстелиги кар астында. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2023
Ноябрда аба ырайы кандай болору айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0