Кибертоптун мүчөсү болгон. УКМК бомба тууралуу билдирүүнүн автору жөнүндө

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРСоода борборундагы жардырууга шектүү адам кармалды
Соода борборундагы жардырууга шектүү адам кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Жазылуу
Учурда УКМК өнөктөш чалгын органдары менен биргеликте анонимдүү билдирүүлөрдү тараткан башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын А.Р.А. аттуу жаранынын ГУМ соода борборуна бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүүлөрдү жөнөтүүгө катыштыгы бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети террордук коркунучтар менен анонимдүү билдирүүлөрдү жөнөтүүнүн көбөйүшүнө бөгөт коюу боюнча иш жүргүзгөн.
"Натыйжада А.Р.А. интернет-колдонуучулардын жеке маалыматтарын хакерлик жол менен алуу жана уурдоо, фейк жаңылыктарды жөнөтүү, анын ичинде КМШ аймагында бомба бар экендиги тууралуу болжолдуу, жалган маалымат жана анонимдүү билдирүүлөрдү жөнөтүү боюнча буюртмаларды кабыл алып иштеген КМШнын адистешкен жарандарынан турган жабык трансулуттук кибертоптун активдүү катышуучуларынын бири болгону аныкталып, кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү 2023-жылдын 30-октябрында VPN маалыматтарын жашыруун өткөрүп берүү үчүн колдонулган технологиянын жардамы менен ИИМ катчылыгына Кыргызстандын соода борборлоруна бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү жөнөткөнү аныкталган. Ошондой эле 2023-жылдын 18-июлунда ГУМ соода борборуна бомба коюлгандыгы тууралуу Ички иштер министрлигине анонимдүү билдирүүлөрдү жөнөтүүгө катыштыгы бар экендиги дагы белгилүү болгон.
Учурда УКМК өнөктөш чалгын органдары менен биргеликте анонимдүү билдирүүлөрдү тараткан башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Ал эми кармалгандар мыйзамдарга ылайык жазаланат.
УКМК мындай жосундарды жасаган жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси ("Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү") боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылып 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратыларын эскертти.
Бишкектеги Asia Mall соода борборундагы бомба коюлганы тууралуу маалымдоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
Бишкекте бир канча жерге бомба коюлганы тууралуу маалымат тастыкталган жок
Жаңылыктар түрмөгү
0