Комадагы адамды көтөрүп түшүштү. Депутат Улуттук госпиталдагы окуяны көрсөттү

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев (сол жакта). Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев (сол жакта). Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Жазылуу
Эл өкүлү дарылоо кымбат болуп, бирок шарт түзүлбөй жатканына нааразы болду.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев Улуттук госпиталда лифт иштебей, комада жаткан бейтаптын тепкичтен көтөрүп түшүрүлгөнүнө күбө болгонун айтты.
"Кечээ нейрохирургия бөлүмүндө отурсам, бейтапты реанимациядан чыгарып операцияга киргизиш үчүн 2-кабаттан көтөрүп түшүштү. Ошол 10 мүнөттүн ичинде өлүп калса эмне болот?" — деп кайрылды саламаттык сактоо министрине.
Эл өкүлү дарылоо кымбат болуп, бирок шарт түзүлбөй жатканына нааразы болду.
Ошондой эле ал Медициналык камсыздандыруу полисин алуу боюнча элге маалымат жетпей, ооруканага келгенде мурда 2800 сом төлөгөн жерине 14 миң сом талап кылып жатышканын белгиледи.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев кемчиликтер бар экенин моюнга алып, аларды жоюу боюнча иштеп жатканын айтты.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысынын орун басары Клара Өскөмбаеванын айтымында, полиси жок адамдар ооруканада дарылануу акысын толук төлөп, сумма 14 миң сомго чейин чыгып кетерин эскертти. Эгер камсыздандырылган болсо (бир жылга 1722 сом төлөп) 830 сом гана төлөйт. Полисти ооруканага кайрылардан беш күн мурун алса жарактуу болот.
Депутат Мирлан Самыйкожо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Бала бакчаларда тамакты мамлекет камсыздасын. Депутат мыйзам өзгөртүлөрүн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0