4-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБактын бутактарынын арасында жүргөн тыйын чычкан. Архивдик сүрөт
Бактын бутактарынын арасында жүргөн тыйын чычкан. Архивдик сүрөт   - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2023
Жазылуу
4-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Ишембиде күндүз көпчүлүк жерде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +16...+21, Таласта +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көлдө жана Нарында +11...+16 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +19...+21 жана Ош шаарында +20...+22 градусту көрсөтөт.
Мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун Бишкектеги эстелиги кар астында. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2023
Ноябрда аба ырайы кандай болору айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0