ЖМК: АКШ Газадагы туткундарды дрон менен издеп жатат

© AP Photo / Mohammed DahmanИзраилдин соккусунан кийинки Газа секторундагы абал
Израилдин соккусунан кийинки Газа секторундагы абал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2023
Жазылуу
Туткундар боюнча ар кыл маалыматтар айтылып келет. Израиль барымтадагылардын саны 150гө жакын десе, ХАМАС 200-250 кишинин тегерегинде экенин билдирген.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. АКШнын чалгынчы пилотсуз аппараттары Газа тилкесинин үстүнөн учуп, ХАМАС 7-октябрда Израилге кол салганда алып кеткен туткундарды издөөдө. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып жазды.
Маалымат берген аткаминердин айтымында, бул иштердин башталганына бир апта болду.
АКШ дайынсыз болуп жаткан америкалыктар Газа тилкесинде кармалып турган 200гө чукул туткундун арасында болушу мүмкүн деп эсептейт. Алар ХАМАСтын тарамдашып кеткен туннелдеринде кармалып турат деп боолголошууда.
Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа сектору тараптан ракеталык чабуулга туш болгондон тарта курчуп кетти. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны 9 миң кишиге жетип, 32 миңден көбүрөөк адам жаракат алганы айтылды. Ал эми жергиликтүү бийликтин маалыматында Израилден 1,4 миң киши көз жумганы, ар кыл эсептер боюнча 150 израилдиктин ХАМАСта кармалып турганы айтылууда.
Бириккен Улуттар Уюмундагы Россиянын атайын өкүлү Василий Небензя. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Небензя: БУУнун корутундусу бар, Израилдин өзүн коргоого укугу жок
Жаңылыктар түрмөгү
0