Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сугат суу көйгөйүн 2030-жылга чейин чечүүгө аракет көрүлүүдө

© Sputnik / Асель СыдыковаДиректор Службы водных ресурсов Минсельхоза КР Алмазбек Сокеев
Директор Службы водных ресурсов Минсельхоза КР Алмазбек Сокеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2023
Жазылуу
Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев өлкөнүн ирригация тармагын жакшыртуу аракеттери тууралуу маалымат берди.
Былтыртан бери 2 000 чакырым канал оңдолуп, тазаланып, насостук станциялар калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу Алмазбек Сокеев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Сугат суу көйгөйүн 2030-жылга чейин чечүүгө аракет көрүлүүдө
Анын айтымында, ушул темп менен тынымсыз иш жүрүп турса 2030-жылы ирригация системасындагы маселелер дээрлик чечилет.
"2021-жыл кургакчыл болгондугуна байланыштуу мамлекет тарабынан каржылоо күчөтүлдү. Натыйжада соңку эки жылда эки миллиард сомго чукул каражат каралды. 2030-жылдын аягына чейин план түзүлүп, мамлекеттин балансындагы объектилерди оңдоп-түзөө мерчемделүүдө. Былтыр миң чакырымдай каналды оңдодук. Анын ичинде бетондоо, тазалоо иштери бар. Быйыл дагы ошондой эле деңгээлде иш аткарылууда. Мындан тышкары, насостук станциялардын агрегаттары алмаштырылып жатат. 5-6 жылдын ичинде 332 агрегатты жана түтүктөрүн толугу менен алмаштыруу пландалууда. 2030-жылга чейин жылына 700-1000 чакырымдан каналды оңдоп-түзөп турсак ирригация тармагындагы маселелер дээрлик чечилет. Мындан тышкары, ички чарбалык каналдын алты миң чакырымы мамлекеттин балансында болсо, 22 чакырымы акырындан баланска алынууда. Тариф маселеси чечилсе бул багыттагы иштер токтоосуз жүргүзүлөт. Ошондой эле материалдык базаны жакшыртуу зарылдыгы турат. Жылдын аягында алгачкы техникалар келе баштаса, 2024-жылы негизгилери алып келинет", — деди Сокеев.
Ошондой эле ал мамлекеттик бюджеттен тышкары инвесторлор менен да тынымсыз иш жүрүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0