Чүйдө кызганычтан улам адам мыкаачылык менен өлтүрүлүп, унаасы өрттөлгөн. Видео

© Фото / пресс-служба УОБДД по ГУВД Чуйской областиМилиция автоунаалары. Архив
Милиция автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2023
Жазылуу
Кылмышка шектелип эки киши кармалып, алар күнөөсүн моюндаган көрсөтмө беришкен.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Чүйдүн Панфилов районунда 41 жаштагы адам мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн Чүй ОИИБ маалымдады.
Билдирмеге ылайык, 2-ноябрда саат 11:30дар чамасында Панфилов айылынын четиндеги арыктан Кайыңды айылынын Ш.Е. аттуу жашоочусунун сөөгү табылган. Денесинде кыйнап өлтүрүлгөн белгилер болгон.
"Анын башында бычактан алган жаракаттар болгон жана көп жеринде кан уюп калган, баш терисинде сыйрылган жерлер бар. Ал эми маркумдун сөөгү табылган жерден 200 метр аралыктан ал адамга тиешелүү автоунаа толугу менен күйүп кеткен абалда табылган", — дешти милициядан.
Маалыматта белгиленгендей, бул окуя боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө Ш.Е. 31-октябрда Бишкекке барам деп үйүнөн чыгып, акыркы жолу жакындары менен 1-ноябрда байланышкан. Андан кийин аны менен байланыш болгон эмес.
Адам өлтүрүүгө шектелип Кайыңды айылынын эки жашоочусу кармалып, тергөө абагына киргизилген. Алардын бири 45, экинчиси 30 жашта. Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмыш кызганычтан улам жасалган. Кармалгандар күнөөсүн моюндаган көрсөтмө беришкен. Тергөө уланууда.
Эне-балдарды өлтүргөн Чынтемир Аширалиев өмүр бою эркинен ажыратылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2023
Эне-балдарды өлтүргөн Чынтемир Аширалиев өмүр бою эркинен ажыратылды
Жаңылыктар түрмөгү
0