Ала-Букада мугалим окуучусуна 17 ирет ийне сайган. Окуя териштириле баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучу сабак учурунда. Архивдик сүрөт
Окуучу сабак учурунда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2023
Жазылуу
Соцтармакта тараган сүрөттүн автору окуядан үч бала жабыркаганын белгилеген.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мугалим окуучусуна 17 ирет ийне сайгандыгы боюнча маалымат социалдык тармактарда жайылууда.
Анда окуя 27-октябрда Ак-Коргон айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №40 мектепте болгону жазылган.
"Кыргыз тили жана адабияты мугалими Г.А. тапшырма аткарбагандыгы үчүн 5-класстын үч окуучусунун колуна ийне сайган. Биринин колуна 17 ирет ийне сайган. Ата-энеси ФАПка барып көрсөткөн", — деп жазылат соцтармакта тараган маалыматта.
Интернетте ийне сайган окуучунун колу делген сүрөт жарыяланды. Анын автору үч бала жабыркаганын белгилеген.
Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
"Эч кимдин балдарга зомбулук жасоого акысы жок. Өзгөчө мугалимдердин. Бул окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлиги маалымат алып, окуучунун укугун коргойт. Териштирүү башталды. Ички иштер министрине да маалымдалды. Кошумча билдирүү беребиз", — деп жазган министрликтин маалымат катчысы.
Киши кызды ийнинен кармап турат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Сокулукта скотчтолгон окуучу кыз. Эмгек министрлиги ишти көзөмөлүнө алды
Жаңылыктар түрмөгү
0