Ош шаардык мэриясы айдоочуларды жумушка чакырат

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАвтобусту айдап бара жаткан айдоочу. Архивдик сүрөт
Автобусту айдап бара жаткан айдоочу. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2023
Жазылуу
Жумушка D категориясы бар жана 3 жылдан кем эмес тажрыйбага ээ айдоочулар талап кылынат.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы айдоочуларды ишке чакырат. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Билдирмеге ылайык, жумушка жаңы алынган айдоочулар Ош шаарына алып келине турган жаңы автобустарды айдаганга керек болууда. Жумушка орношууну каалагандардын айдоочулук күбөлүгүндө D категориясы жана 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы болушу керек.
Ош шаардык мэриясы каалоочулар толук маалымат алуу үчүн 0(553)407046, 0(500)040661, 0(557)060601 номерлерине кайрылса болорун белгилешти.
Аялдар автобусту жууп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2023
Бишкек мэриясы автобус жууганга жумушка чакырат. Шарттары
Жаңылыктар түрмөгү
0