"Ак шумкар" ноябрда дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына катышат. Убактысы

© Sputnik / Алексей ФилипповКыргызстандын курама командасынын оюнчулары. Архивдик сүрөт
Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2023
Жазылуу
Улуттук курама команда Малайзия, Оман жана Тайвань командалары менен бирге D тайпасына түштү.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы ноябрь айында 2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Эскерте кетсек, Кыргызстан командасынын рейтинги жакшы болгондуктан мелдешти квалификациянын биринчи эмес, экинчи турунан баштайт.
Улуттук команда Малайзия, Оман жана Тайвань командалары менен бирге D тайпасына түштү. Ноябрдын орто ченинде дүйнөлүк чемпионатка тандоонун алгачкы эки беттеши өтөт.
"16-ноябрда башкы машыктыруучу Стефан Таркович баш болгон улуттук курама конокто болуп, Малайзия курама командасы менен беттешет. Тандоо турунун алкагында биздин команданын биринчи беттеши Куала-Лумпур шаарындагы (Малайзия) Букит Жалил стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө "Кыргыз спорт ТВ" телеканалынан түз эфирде көрсөтүлөт. Ошондой эле "Дордой плаза" соода борборунда улуттук курама команданын күйөрмандары үчүн фан-зона уюштурулат", — деп айтылат маалыматта.
21-ноябрда "Ак шумкар" өз талаасында Омандын курама командасы менен беттешет.
"Күйөрмандар сүйүктүү командасын колдоп, чыныгы футбол атмосферасынан ырахат ала алышат. Көрүүчүлөр үчүн оюн-зоок аянтчалары уюштурулуп, эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өтүп, ошондой эле баалуу байгелер ойнотулат. Кыргызстан — Оман оюну саат 19:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат", — деп билдирди Кыргыз футбол союзу.
Абдыш-Ата кайрадан футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2023
"Абдыш-Ата" кайрадан футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду
Жаңылыктар түрмөгү
0