Россияда Эл биримдигинин күнү. Путин Минин менен Пожарскийдин эстелигине барды

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Москва шаарынын Кызыл аянтындагы Кузьма Минин менен Дмитрий Пожарскийдин эстелигине гүлчамбар койду.
Эскерте кетсек, бүгүн, 4-ноябрда, Россияда Эл биримдигинин күнү белгиленип жатат.
РФ лидерин диний конфессиялардын, коомдук жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү коштоп келишти.
Бул күн 1612-жылдагы окуяларды унуткарбоо үчүн белгиленген. Дал ушул күнү Минин менен Пожарский башында турган элдик кыймыл польшалык интервенттерден Москваны бошоткон.
Россиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
ШКУ өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин саммити
Мишустин Россия кайсы маселеге өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0