Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: АКШ менен Европа тынчтык үчүн Киев эмнеден кол жууй турганын кеңешүүдө

© Sputnik / СтрингерУкраина жана Евробиримдиктин желектери. Архивдик сүрөт
Украина жана Евробиримдиктин желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2023
Жазылуу
Батыштагы аткаминерлер кырдаал туңгуюкка кептелгенин айтышууда.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. АКШ, Европа жана Украина Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо мүмкүнчүлүгүн жана тынчтык үчүн эмне садага чабылышы ыктымал экенин кеңешип жатышат. Бул тууралуу NBC телеканалы чиновниктерге таянып билдиргенин РИА Новости жазды.
"АКШ менен Европанын аткаминерлери Украина өкмөтү менен тынчтыктын орношу эмнеге кептей турганын талкуулай башташты. Мында негизинен эпке келүү үчүн Украина эмнеден баш тартышы керектиги тууралуу сөз болууда", — деп айтылат кабарда.
NBC телеканалынын маалыматы боюнча, америкалык жана европалык чиновниктер конфликт туңгуюкка кептелгенине тынчсызданып турушат. Анын үстүнө мындан ары Киевге жардам көрсөтүлөрүнө ишеним жок.
Сюжетте Киевдин аскер топтоодогу кыйынчылыктары, мобилизацияга каршы нааразылык акциялары да көрсөтүлгөн.
Чиновниктердин пикиринде, Украинанын тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоону создуктурууга дагы жыл соңуна чейин убактысы бар. Андан кийин кепке келүүгө аргасыз болору белгиленди.
Кызматтагы адамдардын айтымында, НАТО сүйлөшүүлөргө Украинанын уюмга мүчөлүгү тууралуу кеп кылбастан, айрым коопсуздук кепилдигин сунуштап стимул бериши мүмкүн.
Россия буга чейин сүйлөшүүлөргө даяр экенин бир нече ирет эскерткен, бирок Киев ага мыйзам чегинде тыюу салган. Кремль тынчтыкка келүүгө эч кандай негиз жоктугун, ошол эле учурда атайын операциянын максатына жетүүсү Москва үчүн артыкчылыктуу маселе экенин белгилеп келет. РФ президенти Владимир Путиндин айтымында, Россия диалогдон эч качан баш тарткан эмес, бирок ага экинчи тарап да даяр болушу зарыл.
БУУнун желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2023
БУУнун БА комитети Россиянын нацизмди даңазалоого каршы резолюциясын кабыл алды
Жаңылыктар түрмөгү
0