Кыргызстанда эки жылда жумушсуздардын саны 7,7%га кыскарды

© Фото / Pexels / Ron LachЖумуш издеп жаткан аял. Иллюстративдик сүрөт
Жумуш издеп жаткан аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2023
Жазылуу
Эки жыл аралыгында иш менен камсыз кылуу кызматтары 60 миңден ашык адамга жумуш таап берген.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда эки жыл ичинде жумушсуздардын саны 7,7 пайызга кыскарды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова "Жакырчылык жана теңсиздик" улуттук өнүктүрүү форумунда билдирди.
"Акыркы эки жылда республикада жумушсуздардын саны 7,7 пайызга, ал эми расмий жумушсуздук 0,3 пайызга кыскарды. Аны менен катар калкты ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү жаатында аткарылган иштердин натыйжасында элди жумуш менен камсыз кылуу көрсөткүчтөрү жакшырды. Эки жыл аралыгында иш менен камсыз кылуу кызматтары 60 миңден ашык адамга жумуш таап берди", — деген Баатырова.
Министр "Социалдык контракт" программасынын алкагында аз камсыз болгон 13 миң үй-бүлө жеке бизнесин ачып, туруктуу киреше менен гана чектелбестен, өздөрү да жумуш орундарын түзө баштаганын кошумчалаган.
Москвада курьердик жеткирүү кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2023
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 15%га кыскарды
Жаңылыктар түрмөгү
0