ЖМК: Блинкендин Жакынкы Чыгышка сапары штаттардын туңгуюкка кептелгенин көрсөттү

© AP Photo / Andrew HarnikАКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2023
Жазылуу
Американын мамлекеттик катчысы Газадагы кырдаалды талкуулоо үчүн бир нече араб өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары менен жолуккан.
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Жакынкы Чыгыш боюнча сапары Кошмо Штаттар туңгуюкка кептелгенин көрсөтүп турат. Бул тууралуу The New York Times газетасы жазды.
"Блинкендин сапары АКШ аргасыз абалда турганын көрсөттү. Анткени Американын палестиналык миңдеген жай тургундун өлүмү жана Израилди колдоп-коштогону менен эл аралык коомчулуктун каарына калып жаткан маалы", — деп жазылган басылмада.
Блинкен жума күнү Жакынкы Чыгыш боюнча жаңы турдун алкагында Израилге барган. Ишембиде Иорданияга келип, Газа секторундагы кырдаалды талкуулоо үчүн бир нече араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолуккан. Shafaq агенттигинин маалыматында, Блинкен жекшембиде Иракка барат.
Буга чейин NBC телеканалы америкалык аткаминерлер АКШнын Израилди колдогону Кошмо Штаттардын эл аралык аренада обочолонушуна алып келет деп кооптонуп жатканын билдирген.
Газа сектору окку урулган соң. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2023
Газа секторундагы качкындар турган жерге сокку урулду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0