Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Көк бөрүдө эми улакчылар да, аттар да камсыздандырылат

© Sputnik / Асылбек БактыбековКыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев
Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2023
Жазылуу
Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев көк бөрүдө улакчылардын коопсуздугу каралып, жигиттердин оюнда жаракат албашы үчүн атайын форма даярдаларын айтты.
Көк бөрүдө эми улакчылар менен аттар камсыздандырылат. Камсыздандыруу компаниялары менен келишим түзүп, дүйнөлүк спорттун тажрыйбасын колдонуп, жаңы талаптарды кошобуз. Бул тууралуу Рамис Жунусалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Көк бөрүдө эми улакчылар да, аттар да камсыздандырылат
Анын айтымында, улакчылар буга чейин ар кимиси колунан келген жаракаттан коргоочу каражаттарды колдонуп келишти.
"Көк бөрү заманбап талаптарга жооп берген эрежелерди киргизиши керек. Алсак, көк бөрүдө улакчылар жана аттар камсыздандырылышы абзел. Анткени балдардын коопсуздугу, алардын ден соолугу эң маанилүү. Камсыздандыруу компаниялары менен келишим түзүп, дүйнөлүк спорттун тажрыйбасын колдонуп, жаңы талаптарды кошобуз. Мындан тышкары, жигиттердин оюнда жаракат албашы үчүн атайын форма даярдалышы керек. Бүгүнкү күндө "кудай сактасын" деп эле ойноп жатабыз. Тебетей кийгенибиз менен ал оюнчуну канчалык деңгээлде коргой алары белгисиз. Эми коопсуз шлем, кийим боюнча иш алып барабыз", — деди Жунусалиев.
Ошондой эле адис Көк бөрү федерациясы маркетинг бөлүмүн ачып, киреше табуу жолдору каралып, улакчылар, көрүүчүлөр үчүн бардык шарттар түзүлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0