Кара-Балтада элдин 560 миң сомун опузалап алган. Шектүү Россиядан кармалды

© AFP / ANTHONY WALLACE Кол кишенчен шектүү. Архивдик сүрөт
Кол кишенчен шектүү. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2023
Жазылуу
Милицияга бир адамдын үстүнөн арыз жазып эки жашоочу кайрылган. Жабырлануучулар шектүү акчаны коркутуп, опузалап алганын билдиришти.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Жайыл районунун жашоочуларынан опузалап ири өлчөмдө акча алганга шектүү адам Россиядан кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, ушул жылдын 10-январында 37 жаштагы К.Б. милицияга арыз жазган. Анда ал 34 жаштагы С.Ж. Кара-Балта шаарында андан 250 миң сомун опузалап коркутуп алганын белгилеп, чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факт Жайыл РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары, ушундай эле арыз менен М.И. аттуу адам да милицияга кайрылып, С.Ж. өткөн жылдын сентябрь айында Кара-Балта шаарында аны коркутуп 100 миң сомун алып койгонун билдирген. М.И. буга чейин да ал 210 миң сомун алганын айтып, жалпысынан 310 миң сом зыянга учураганын белгилеген.
"Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү С. Ж. жогорудагы кылмыштарды жасагандан кийин өлкөдөн чыгып кеткендиги аныкталган. Ага сыртынан айып тагылып, сот тарабынан №1 СИЗОго камакка алуу чечими чыккан жана издөө жарыяланган. 27-октябрда ал Россиянын аймагынан кармалып, Бишкектеги №1 СИЗОго экстрадицияланды", — деди ОИИБден.
ИИМдин маалыматтары боюнча, шектүү кылмыштуу чөйрө жана анын идеяларын жактаган адам катары каттоодо турат. Учурда тергөө иштери уланууда.
Алдамчылыкка шектүү аялды кармоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2023
Үй алчу адамды 29 миң долларга алдап кеткен деп 34 жаштагы аял кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0