"Росатом" жана Энергетика министрлиги АЭС куруу мүмкүндүгүн талкуулоону улантууда

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүАтомдук электр станциясы. Архивдик сүрөт
Атомдук электр станциясы. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2023
Жазылуу
Москванын Кыргызстанга атомдук электр станциясын куруу ниети өткөн жылы айтылган. Бирок тараптар азырынча бир бүтүмгө келе элек.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Россиянын мамлекеттик "Росатом" корпорациясы жана Кыргызстандын Энергетика министрлиги өлкөгө аз кубаттуулуктагы атомдук электр станциясын куруу боюнча талкууну улантууда.
© Фото / Департамент коммуникаций Госкорпорации "Росатом""Росатом" корпорациясынын директорунун орун басары Николай Спасский Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен жолугушту
Встреча представителей Госкорпорации Росатом с министром энергетики КР Таалайбеком Ибраевым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2023
"Росатом" корпорациясынын директорунун орун басары Николай Спасский Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен жолугушту
Корпорациядан маалымдалгандай, анын директорунун орун басары Николай Спасский Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен жолугушту. Алар "жашыл" энергетика тармагында кызматташуу тууралуу, анын ичинде өлкөгө АЭС жана шамал, суу генерацияларын куруу жөнүндө талкуулашкан.
Бир жыл мурун "Росатом" менен министрлик кызматташуу тууралуу документке кол коюшкан. Тактап айтканда, АЭС долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу тууралуу сүйлөшүшкөн. Ал эми бир ай мурун корпорация менен Ысык-Көл облусуна шамал электр станциясын куруу боюнча инвестициялык долбоорду иштеп чыгып, аны ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюшкан.
ӨКМге караштуу Калдыктарды сактоо департаментинин бөлүм башчысы Бакытбек Асанкулов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2023
Радио
"Росатом" уран калдыктарын зыянсыздандырууга көмөктөшүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0