Байге фонду 1 млн. сом. Тогуз-Тородо акындардын айтышы өткөрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКомуздар. Архив
Комуздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2023
Жазылуу
Айтыштын тандоо туру 6-ноябрда башталат, финалы 18-ноябрда болот.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда “Саймалуу-Таш санаты” аттуу акындардын республикалык айтышы өткөрүлөт. Бул тууралуу Манас театры билдирди.
Иш-чара президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгынын алкагында жана Тогуз-Торо районундагы “Саймалуу-Таш” петроглифтерин ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү максатында уюштурулуп жатканы белгиленди.
Айтыштын тандоо туру 6-ноябрда саат 10:00дө Кыргыз улуттук тарых музейинин залында өткөрүлөт.
Ал эми жарым финалдык жана финалдык айтыштар 18-ноябрда саат 18:00дө Тогуз-Торо райондук Маданият үйүндө башталат.
Театр сынактын байге фонду 1 миллион сом экенин билдирди.
Талкуу жараткан “Күн кармаган бала” ТҮРКСОЙ фестивалында жеңүүчү болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2023
Талкуу жараткан “Күн кармаган бала” ТҮРКСОЙ фестивалында жеңүүчү болду
Жаңылыктар түрмөгү
0