Бишкекте Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракеси өттү. Жапаровдун сөзү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкекте көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү.
Бишкекте көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2023
Жазылуу
Жапаров Масалиев катардагы шахта кызматкеринен мамлекет башчысына чейинки жолду басып өткөнүн белгиледи.
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкекте президенттин катышуусунда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Садыр Жапаров Масалиев катардагы шахта кызматкеринен мамлекет башчысына чейинки ары ардактуу, ары жоопкерчиликтүү жолду басып өткөнүн белгиледи.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Бишкекте президенттин катышуусунда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү.

Бишкекте президенттин катышуусунда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү. - Sputnik Кыргызстан
1/3

Бишкекте президенттин катышуусунда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Садыр Жапаров Масалиев катардагы шахта кызматкеринен мамлекет башчысына чейинки ары ардактуу, ары жоопкерчиликтүү жолду басып өткөнүн белгиледи.

Садыр Жапаров Масалиев катардагы шахта кызматкеринен мамлекет башчысына чейинки ары ардактуу, ары жоопкерчиликтүү жолду басып өткөнүн белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
2/3

Садыр Жапаров Масалиев катардагы шахта кызматкеринен мамлекет башчысына чейинки ары ардактуу, ары жоопкерчиликтүү жолду басып өткөнүн белгиледи.

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Ошондой эле мамлекет башчы ал саясий кыраакылыгы менен эл көйгөйүн илгиртпей түшүнүп, көптөгөн кыйынчылыктарды алдын ала көрө билгенин эскерди.

Ошондой эле мамлекет башчы ал саясий кыраакылыгы менен эл көйгөйүн илгиртпей түшүнүп, көптөгөн кыйынчылыктарды алдын ала көрө билгенин эскерди. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Ошондой эле мамлекет башчы ал саясий кыраакылыгы менен эл көйгөйүн илгиртпей түшүнүп, көптөгөн кыйынчылыктарды алдын ала көрө билгенин эскерди.

1/3

Бишкекте президенттин катышуусунда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чара өттү.

2/3

Садыр Жапаров Масалиев катардагы шахта кызматкеринен мамлекет башчысына чейинки ары ардактуу, ары жоопкерчиликтүү жолду басып өткөнүн белгиледи.

3/3

Ошондой эле мамлекет башчы ал саясий кыраакылыгы менен эл көйгөйүн илгиртпей түшүнүп, көптөгөн кыйынчылыктарды алдын ала көрө билгенин эскерди.

“Бир чети замандаш, бир чети кесиптеш болуп партиялык кызмат чөйрөсүндө чогуу иштегендер аны тоо-кен өнөр жай тармагынын бирден-бир мыкты адиси, катаал жолдо такшалган партиялык жетекчи, караламан калктын калың катмарына жакын адам, ашыкча дөөлөт, байлык күтпөгөн, принципиалдуу, кара кылды как жарган чынчыл атуул болгонун баса айтуу менен абдан урматтап эскерип келишет. Алардын айрымдары мына бүгүн арабызда отурасыздар”, — деп кайрылды президент.
Ошондой эле мамлекет башчы ал саясий кыраакылыгы менен эл көйгөйүн илгиртпей түшүнүп, көптөгөн кыйынчылыктарды алдын ала көрө билгенин эскерди.
“Масалиевдин ишмердиги кайра куруу дооруна туш келип, кийин совет бийлиги кулагандан кийин Кыргызстан эгемендигин алып, менчиктештирүү башталганда ошол жерде эл кызыкчылыгын эске алууга катуу үндөгөн, “калпыстык болуп кетпесин, байлык тең бөлүнсүн, бай-кедей болуп бөлүнүүгө жол бербейли” деген философияны бекем карманган. Ал эми парламентарий катары өзүн көрсөтүп, кен байлыктарды таратууда болобу, менчиктештирүүдө болобу, кандай гана олуттуу маселеде болбосун, жалпы кыргыз калкынын калың катмарынын кызыкчылыгы эске алынышы керек деп ураан чакырып турган”, — деди Жапаров.
Президенттин айтымында, Масалиев Кыргызстанды жетектеп турган жылдары экономиканын бардык тармактарында туруктуу өсүштөр болгон. Курулуш тармагы жанданган, натыйжада көптөгөн мектептер жана башка социалдык объектилер курулган. Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүчтөр заводу курула баштаган. Ошентип өзүн тажрыйбалуу адис, иш билги жетекчи, акылман адам катары өз элинин келечеги, кийинки муундардын бакубат жашоо-турмушу үчүн ак кызматын арнаган.
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2023
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы белгиленет. Президенттин кайрылуусу
Жаңылыктар түрмөгү
0