Садыр Жапаров Ташкенттеги экономикалык кызматташтык боюнча саммитке катышат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова. Архивдик сүрөт
Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2023
Жазылуу
Биринчи айым Айгүл Жапарова дагы балдарга арналган форумга катышары айтылды.
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 8-9-ноябрь күндөрү Ташкент шаарына Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитине катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Өлкөлөрдүн лидерлери өз ара пайдалуу аймактык экономикалык кызматташтыкты жана өз ара жардамдашууну түзүү аркылуу экономикалык мамилелерди интеграциялоону талкуулашат.
Иш-чарага уюмга мүчө: Азербайжан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери, Казакстан менен Пакистандын өкмөт башчылары катышат.
Саммиттин алкагында Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата "Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү - балдар жана жаштар иш-аракетте" аттуу эл аралык форум өтөт. Ага биринчи айым Айгүл Жапарованын катышары айтылды.
 Садыр Жапаров Астанада өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өлкө башчыларынын X саммитинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2023
Жапаров Жалал-Абадды түрк дүйнөсүнүн туристтик аймагы деп жарыялоону сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0