“Төртүнчү бийлик” бойдон калат. Жапаров журналисттерди куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖурналисттер. Архивдик сүрөт
Журналисттер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2023
Жазылуу
Мамлекет башчы ишенимдүүлүк, объективдүүлүк жана ыкчамдыкка таянып иштеген адистердин эмгегин жогору баалай турганын билдирди.
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.
Өлкө башчы маалымат алмашуу чагылгандай тездик менен жүрүп жаткан мезгилде журналисттердин орду өзгөчө мааниге ээ экенин айтты. Мындай шартта окуяларды чагылдыруудагы жоопкерчилиги дагы күчөй турганын белгиледи.
“Анткен менен көп кылымдык басма салты жана ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарынын басып өткөн тарыхы жоголгон жок деп ишенем. “Төртүнчү бийликтин” күчү буга чейин да замандын кубаттуу кыймылдаткычы болуп келген, мындан ары да кала берет”, — деди Жапаров.
Ошондой эле ал ишенимдүүлүк, объективдүүлүк жана ыкчамдыкка таянып иштеген адистердин эмгегин жогору баалай турганын билдирди.
“Тандаган кесибиңиздерге ак ниет мамиле кылып, кесипкөйлүктү туу тутуп, коомубуздун туура багытта өнүгүшүнө берилүү менен кызмат өтөп келе жаткандыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Журналисттер күнүн жалпы майрам деп атасак да жарашат. Анткени азыркы коомду маалыматсыз, маалымат каражаттарысыз, болуп жаткан окуяларга кесипкөй көз карашсыз элестетүү кыйын”, — деди президент.
Мамлекет башчы курч калем ээлери ар дайым калыстыктан тайбай, тараптардын кызыкчылыктарын тең салмактап, коомдо адилет пикирди жаратарына тилектештигин билдирди.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Улуттар ортосуна көпүрөсүздөр. Жапаров маданият кызматкерлерин куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0