Быйыл өлкөнүн 300 гектар жайытына Россиядан алып келинген үрөндөр себилди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖайыт жер. Архивдик сүрөт
Жайыт жер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2023
Жазылуу
Буга чейин 100 тоннага чукул үрөн сатып алынганы айтылган.
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда быйыл Россиядан алынып келинген жайыт өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү 300 гектар жерге себилди. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кийинки 2024-жылы ал үрөндөрдүн түшүмүн жыйнап алып, андан ары да жайыттарды оңдоого пайдаланылат.
Бийлик малдын туягы көбөйгөнүнө байланыштуу миллион 800 миң гектар жайыт деградацияга учураганын билдирген. Аны калыбына келтирүү максатында 26 миллион 811 миң сомго Россиядан көп жылдык чөптүн алты түрүнүн 99,5 тонна көлөмдөгү үрөнү сатып алынган. Мунун ичинен беш тоннасы өлкөдөгү үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө жумшалат.
Шафран гүлдөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Килограммы 2 миң евро. Министрлик дыйкандарга шафран өстүрүүнү сунуштоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0