9-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКол чатыр кармаган адам. Архив
Кол чатыр кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2023
Жазылуу
9-ноябрга караган түнү айрым жерлерде жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бейшембиде эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +6...+11, Талас жергесинде +5...+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көлдө +7...+12, ал эми Нарында +4...+9 градус болот.
Бул күнү Бишкекте эртең менен жана күндүз, Ошто мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +8...+10, Ошто +10...+12 градуска чамалайт.
Вручение ОАО НЭСК восемь дизельных генераторов мощностью 120 кВт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2023
Өлкөдө электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн 8 дизелдик генератор алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0