Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстанда миопия, глаукома ооруларынан жабыркагандардын саны кескин өстү

© Sputnik / Асел АкматКыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Көз оорулар кафедрасынын ассистенти, жогорку категориядагы дарыгер Гүлзат Оморова
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Көз оорулар кафедрасынын ассистенти, жогорку категориядагы дарыгер Гүлзат Оморова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2023
Жазылуу
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Көз оорулар кафедрасынын ассистенти, жогорку категориядагы дарыгер Гүлзат Оморова көз илдеттерин дарылоодо өлкө заманбап жабдууларга муктаж экендигин айтты.
Акыркы жылдары Кыргызстанда миопия, глаукома ооруларынан жабыркаган адамдардын саны кескин өстү. Бул тууралуу Гүлзат Оморова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда миопия, глаукома ооруларынан жабыркагандардын саны кескин өстү
Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун статистикасы боюнча, дүйнөдө 2 миллиарддан ашык адам миопиядан жабыркайт.
"Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун статистикасы боюнча дүйнөдө 2 миллиарддан ашык адам миопия менен ооруйт. Бул дүйнө калкынын 30 пайызга жакынын түзөт. Ал эми тобокелчилик факторун эске алсак, 5 миллиарддын тегерегиндеги адам көз ооруларына кабылышы мүмкүн. Тилекке каршы, акыркы жылдары Кыргызстанда миопия, глаукома ооруларынан жабыркаган адамдардын саны кескин өстү. Учурда ымыркайларда да көздүн илдеттери катталууда. Алдын алуу кампанияларына көңүл буруп, көздү сактоону үйрөнүү керек. Муну менен бирге жарандардын медициналык сабаттуулугун жогорулатууга да басым жасалышы зарыл", — деди Оморова.
Ошондой эле ал офтальмолог болууну каалагандар көбөйүп жатканын, мамлекет артыкчылыкты кадр даярдоого бериши керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0