"Авангард стиль" компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеев бошотулду. Шарты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСоттун иш орду. Архивлик сүрөт
Соттун иш орду. Архивлик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Жазылуу
Минкеев Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу кирешени адалдоо" беренеси боюнча айыпталып, кармалган.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. "Авангард стиль" компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеев тышка чыкпоо жөнүндөгү тил кат менен бошотулганын Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалым болгондой, баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко УКМКнын тергөөчүсү берген.
"Бишкектин Октябрь райондук соту УКМК кызматкеринин өтүнүчүн канаттандырды. Айыпталуучунун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, тышка чыкпоо жөнүндөгү тил кат менен бошотулду", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, ири курулуш компанияларынын биринин директору октябрда кармалган. Бизнесмен Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу кирешени адалдоо" беренеси боюнча айыпталып жаткан.
Курулуш компаниянын жетекчиси Имамидин Ташов кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Курулуш компаниянын жетекчиси Имамидин Ташов кармалды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0