Баткенде чек арачы спорттук турнир учурунда көз жумду

© Sputnik / Табылды КадырбековКурал менен жоокер. Архив
Курал менен жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Жазылуу
Спорттук атайын иш-чаралар өтүп жатканда С. Ы. уулу башынан оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Баткен облусунда Чек ара кызматынын прапорщиги С. Ы. уулу көз жумганын аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
27 жаштагы чек арачы спорттук атайын иш-чаралар өтүп жатканда коопсуздук эрежелеринин бузулушунун кесепетинен өмүрүнөн айрылды.
Алдын ала берилген маалыматтарга таянсак, кырсыктан С. Ы. уулу башынан оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Медиктердин кайра жандандыруу үчүн жасаган аракетине карабастан каза болуп калган.
"Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат. Тиешелүү бардык органдарга маалымат берилип, иликтөө башталды", — деп айтышты Чек ара кызматынан.
Тез жардам унаасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2023
Ошто 3 жоокер жол кырсыгына кабылып, бирөө мүрт кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0