Бишкек — Ош жолунда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди

© Sputnik / Павел ЛьвовЖүк ташуучу автоунаалар кезекте турушат. архивдик сүрөт
Жүк ташуучу автоунаалар кезекте турушат. архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Жазылуу
Учурда жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүрүп жатат.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 81-чакырымында (Төө-Ашуу, Сосновка) оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу "Кыргыз автожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Ага ылайык, учурда жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүрүп жатат.
"Жасалма автотыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин жолдун 81-чакырымында оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди", — деп жазылат билдирүүдө.
Ишкана айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, чынжырларды жана күрөк ала жүрүүнү эскерткен.
Бишкекте эс алып жүргөн адамдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2023
Кыргызстан боюнча кийинки жумага карата аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0