Эми Бишкектеги эл ташыган автобустардын ылдамдыгы азаят

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги газ менен жүргөн автобустар. Архив
Бишкектеги газ менен жүргөн автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Жазылуу
Буга чейин мэрия декабрь айына чейин Бишкекке 900 автобус алып келе тургандыгын айткан эле.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы эл ташыган жаңы автобустарга ылдамдыкты чектеген жаңы программа орнотулат, эми алар ылдамдыкты саатына 60 чакырымдан ашыра алышпайт. Бул туурасында вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.
"Жаңы автобустарга ылдамдыкты чектеген жаңы программаны киргизип жатабыз. Ал аркылуу кайсы автобус ылдамдыкты, эрежелерди бузганын көрө алабыз. Эми газды канчалык баспасын, саатына 60 чакырымдан аша албайт", — деди вице-мэр.
Буга чейин мэрия декабрь айына чейин Бишкекке 900 автобус алып келише тургандыгын жар салган. Октябрдын аягында алардын саны 250гө чукулдаган.
Аукциондо колдонулуучу балка. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2023
Бишкек мэриясы эскилиги жеткен автотранспортторду аукционго койду
Жаңылыктар түрмөгү
0