ЕАЭБде айыл чарба продукциясын салыштырмалуу көбүрөөк өндүргөн өлкөлөр. Тизме

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүБазардагы эт сатуу бөлүгү. Архивдик сүрөт
Базардагы эт сатуу бөлүгү. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Жазылуу
ЕЭК быйылкы январь-сентябрь айларына карата статистиканы 2022-жылдын ушул мезгили менен салыштырган.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен үч өлкө айыл чарба продукциясынын негизги түрлөрүн көп өндүрө баштады. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында жазылган.
ЕЭК быйылкы январь-сентябрь айларына карата статистиканы 2022-жылдын ушул мезгили менен салыштырган.
Айыл чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүүнүн өсүшү байкалган мамлекеттер:
Арменияда — 1,6 пайыз;
Кыргызстанда — 0,1 пайыз;
Россияда — 1,3 пайыз.
Ошондой эле бул мезгилде ЕАЭБде малды жана канаттууларды союу 2,3 пайызга, сүт өндүрүү 2,9 пайызга жана жумуртка өндүрүү 1,2 пайызга өскөнү маалым болду.
Жумуртка. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Кыргызстан жумуртка өндүрүүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБде лидер болду
Жаңылыктар түрмөгү
0