Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Дарыгер инсультка алып келүүчү себептерди санады

© Sputnik / Асел АкматУлуттук госпиталдын №2 неврологиялык бөлүмүнүн дарыгери Дилбар Курманалиева
Улуттук госпиталдын №2 неврологиялык бөлүмүнүн дарыгери Дилбар Курманалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Жазылуу
Улуттук госпиталдын №2 неврологиялык бөлүмүнүн дарыгери Дилбар Курманалиева инсульт эмнеден пайда болоорун айтып берди.
Алкоголь ичүү, чылым чегүү сыяктуу терс адаттар инсультка алып келиши ыктымал. Бул тууралуу Дилбар Курманалиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Дарыгер инсультка алып келүүчү себептерди санады
Анын айтымында, бул илдетке кабылта турган себептердин катарына ашыкча салмак дагы кирет.
"Инсульт — мээнин кан айланышынын бузулушунан келип чыккан кесепеттердин бири. Ал күтүлбөгөн учурда пайда болуп, адамды майыптыкка, өлүмгө чейин жеткириши ыктымал. Анын ишемиялык жана геморрагиялык деген эки түрү бар. Биринчисинде мээге бара турган кан тамырлар буулуп, кан, керектүү заттар жетпей калат. Андан улам мээнин такандары жабыркап, иштөөсүн токтотот. Ал эми геморрагиялык инсультта кан тамырлар жарылып, мээге кан куюлуп кетет. Бул илдетке адамды алкоголь ичүү, чылым чегүү сыяктуу терс адаттар кептейт. Мындан тышкары, кан басымдын жогорулашы, кан тамырдын ичин май басып кетиши, жүрөктүн тубаса кемтиги жана башка оорулар инсультка алып келет. Ошол эле ашыкча салмак, кант диабети жана стресс дагы бул илдеттин өрчүшүнө себепкер болот", — деди Курманалиева.
Тема боюнча:
Инсульт алган адамга кан суюлтуучу дары бербей туруу керек. Дарыгердин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0