УКМК: Кыргызстанга баңгизат ташып жүргөндөр кармалды

CC BY-SA 3.0 / Avriette / Poppies, seeds / Апийим сабагы. Архив
Апийим сабагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Жазылуу
Алынган баңгизаттар тиешелүү органдарга экспертиза жүргүзүү үчүн өткөрүп берилди.
БИШКЕК, 9-ноя. – Sputnik. “Манас” эл аралык аэропорту аркылуу контрабандалык баңгизаттарды туруктуу ташып турган адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Өлкө аймагында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, контрабанда жана көмүскө каражаттарды мыйзамдаштыруу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтордун аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Анын алкагында кыргызстандык жеке ишкерлер мыйзамсыз баюу максатында жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден өлкөгө баңгизаттарды ташуунун туруктуу схемасын уюштурушканы аныкталган.
“УКМК “Манас” аэропортунун бажысы менен биргеликте жалпы салмагы 24 тонна 350 килограмм кондитердик апийим түрүндөгү жүктү аныктады. Анын ичинде болжол менен 7-8 тонна көкнар (апийим сабагы) болгон”, - деп айтылат маалыматта.
Фактылардын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренеси ("Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүүнүн өзгөчө эрежелери белгиленген буюмдарды контрабандалык жол менен алып өтүү") боюнча Кыргызстандын эки жана коңшу өлкөнүн бир жараны кармалды.
Алынган баңгизаттар тиешелүү органдарга экспертиза жүргүзүү үчүн өткөрүп берилди.
Чүйдө чет элдиктер ижарага алган үйдө баңгизат лабораториясын уюштурган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
ИИМ: Чүйдө чет элдиктер ижарага алган үйдө баңгизат лабораториясын уюштурган
Жаңылыктар түрмөгү
0