Кыргызстан менен Россиянын абадан коргонуу системасы боюнча келишими күчүнө кирди

© Sputnik / Медиабанкка өтүүАбадан коргонуучу системасы
Абадан коргонуучу системасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Жазылуу
Келишим автоматтык түрдө узартуу мүмкүнчүлүгү менен беш жылга түзүлгөн.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы "Абадан кол салуудан коргонуу боюнча биргелешкен региондук системаны түзүү жөнүндөгү" келишим күчүнө кирди. Бул тууралуу Россиянын укуктук актыларынын сайтына жарыяланган маалыматта айтылат.
"2022-жылдын 16-августундагы Россия менен Кыргызстандын абадан коргонуу системасын түзүү жөнүндө макулдашуу 2023-жылдын 29-майында федералдык мыйзам менен ратификацияланган жана 2023-жылдын 2-ноябрында күчүнө кирген", — деп жазылат маалыматта.
Беш жылга созула турган макулдашууга тараптар 2022-жылдын августунда Москвада кол коюшкан. Ага ылайык, Кыргызстан РФке Канттагы авиабазанын жанындагы беш гектар жер тилкесин убактылуу пайдаланууга берет. Россия тарап ал жерге Кол салуудан коргонуу бөлүгүн жайгаштырат. Буга чейин Жогорку Кеңеш да бул документти жактырып, коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов абадан кол салуудан коргонуу бөлүктөрүн кыргыз тарап башкара турганын, ошол эле учурда күнүмдүк ишинде каржылык, материалдык-техникалык камсыздоо жана башка иш-чаралар, бөлүктөр Россия өкүлүнүн карамагында болорун айткан.
Россиянын абадан коргонуу системасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Россия менен абадан коргонуу системасын түзүүнүн мааниси канчалык? Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0