Нурдан Орунтаев мамлекеттик жаңы кызматка дайындалды

© пресс-служба мэрии города БишкекНурдан Орунтаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды
Нурдан Орунтаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Жазылуу
Буга чейин Мамкурулуш агенттигин Мырзабек Жыпаркулов башкарып турган.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Нурдан Орунтаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин Мамкурулуш агенттигин Мырзабек Жыпаркулов башкарып турган.
Нурдан Орунтаев 2022-жылдын август айынан бери Бишкек шаарынын вице-мэри болуп иштеп келе жаткан. Ал ордо калаада мыйзамсыз салынган имараттарды түрттүрүп, коомчулуктун оозуна алынган.
Ожак кебаб кафесинин жеңил конструкция менен тургузулган курулушун буздуруу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Бишкектин чок ортосундагы "Ожак кебаб" кафеси буздурулуп жатат. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0