Садыр Жапаров Парижге жөнөп кетти. Себеби

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров учакка отурар алдында коштошуп жатат. Архивдик сүрөт
Садыр Жапаров учакка отурар алдында коштошуп жатат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Жазылуу
Мамлекет башчынын катышуусунда биринчи кыргыз-француз бизнес-форумун өткөрүү пландаштырылып жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Бир планета" саммитине катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Анын айтымында, Жапаров Франция президенти Эммануэль Макрондун чакыруусу менен 9-11-ноябрда Париж тынчтык форумунун алкагындагы саммитке катышат.
"Мамлекет башчы ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына да катышат. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэль Макрон, ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) башкы катчысы Матиас Корман, Франциянын энергетика тармагындагы Electricité de France жана Total компанияларынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт", — деген Азымбакиев.
Мамлекет башчынын катышуусунда биринчи кыргыз-француз бизнес-форумун өткөрүү пландаштырылып жатканы кошумчалады.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 8-9-ноябрда иш сапары менен Ташкент шаарында болгон.
Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады
Жаңылыктар түрмөгү
0