Адис телефондогу өчүрүп сала турчу функцияларды атады

© Фото / Pexels / Eren LiКолунда смартфону бар адам. Иллюстративдик сүрөт
Колунда смартфону бар адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Жазылуу
Эксперт кереги жок тиркемелерден келген билдирүүлөрдү өчүрүп коюуну сунуштаган.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Gem Space мобилдик тиркемесин иштеп чыккан команданын жетекчиси Ваге Закарян телефондун кубатын үнөмдөп, ээсинин жеке маалыматтары жайылып кетпеш үчүн смартфондогу кайсы сервистерди өчүрүп коюу керектигин "Прайм" агенттигине түшүндүрдү.
"Эгер колдонуучуга тиркемелерден келген билдирүүлөр өтө деле зарыл эмес болсо, аларды өчүрүп эле койгон оң. Смартфондун экранына чыга берген билдирүүлөр телефондун кубатын азайтат. Мессенжер же банктардын тиркемелеринен келген билдирүүлөрдү гана калтырып койсоңуз болот", — деген адис.
Эксперт көпчүлүк тиркемелер үчүн фон режиминде иштөөнү өчүрүп коюуну да сунуштаган.
"Бул телефондун энергиясын үнөмдөөгө жардам берип, жашыруун маалыматтардын жайылып кетүүсүн алдын алат. Аппараттын иштешин жайлаткан дагы бир сервис — геолокация. Көпчүлүк тиркемелер үчүн бул маалымат дайыма эле керек боло бербейт. Ошондуктан жайгашкан жерди көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн толугу менен өчүрүп койсо болот", — деген эксперт.
Адис геолокацияны ансыз иштей албаган тиркемелерде, мисалы, такси чакыруу сервистеринде гана күйгүзүп койсо болорун кошумчалаган.
Смартфонду заряддоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2023
Смартфондун кубатын кантип үнөмдөсө болот? IT-адисинин түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0