10-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Элдер Бишкектин бир көчолөрүндө кетипп жара жатышат
Элдер Бишкектин бир көчолөрүндө кетипп жара жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Жазылуу
10-ноябрга караган түнү көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондорго кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Жума күнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +9...+14, Талас жергесинде +8...+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарында +1...+6 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +11...+13, Ошто +12...+14 градуска жетет.
Мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун Бишкектеги эстелиги кар астында. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2023
Ноябрда аба ырайы кандай болору айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0