11-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовДарактын бутагында отурган куш
Дарактын бутагында отурган куш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2023
Жазылуу
11-ноябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Ишембиде, 11-ноябрда, күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14...+19, Талас аймагында +13...+18, Ысык-Көл өрөөнүндө +5...+10, Нарында +3...+8 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +17...+19 градуска чейин көтөрүлөт.
Нарынга кар кыш мезгилиндей түштү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2023
Нарынга кар кыш мезгилиндей түштү. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0