Чакан кубаттуулуктагы атомдук станциялардын артыкчылыгы. Инфографика

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүАтомдук электро станция. Архивдик сүрөт
Атомдук электро станция. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2023
Жазылуу
Эксперттер АЭСке көп суунун кереги жоктугун жана бул Борбор Азия үчүн маанилүүлүгүн айтып келишет.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Казакстан көмүр электр станцияларды чакан АЭСке алмаштырууну ойлонуп жатат. Ал эми Россия мындай станцияларды куруу боюнча лидер деп таанылган.
Төмөндө аталган станция жана анын кандай артыкчылыктары бар экенин окурмандарга баяндап бермекчибиз.
Азыр дүйнө боюнча көп каражатты, ири инфраструктураны жана көп жумушчуларды талап кылган АЭСтерди куруп жатышат. Эгерде станцияга кеткен чыгымды жаба турган оор өнөр жайы болбосо, ар бир эле мамлекет мындай чыгымды көтөрө албайт.
Бул жаатта чакан АЭСтер ылайык болушу мүмкүн. Анын артыкчылыгы — арзандыгы, чакандыгы, экологиялык жагы, тейлөөгө жеңилдиги. Эксперттер ага көп суунун кереги жоктугун айтышат. Бул Борбор Азия үчүн маанилүү. Чакан көлөмдөн улам аларды инфраструктурасы анча өнүгө элек алыскы райондорго салууга болот.
Россия үчүн чакан АЭСтерди салууда жаңы нерсе деле жок. Себеби СССР жана РФте атомдук флот үчүн реакторлорду активдүү чыгарып келишкен. РИТМ-200 деп аталган жергиликтүү муз жаргычтар үчүн жасалган реакторлор башында АЭСтер үчүн массалык пайдаланыла баштаган.
"Экологиялык жактан ылайыктуу жана ишенимдүү АЭСтер Борбор Азия үчүн энергетикалык көйгөйдөн чыгуунун жолу болушу мүмкүн", — деген бир аз мурдараак энергетика боюнча эксперт Борис Марцинкевич @SputnikLive каналына берген маекте.
Атомдук электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Борбор Азияда Кыргызстандан башка дагы эки өлкө АЭС курат. Карта
Жаңылыктар түрмөгү
0