Россия Газа эли үчүн 25 тонналык кезектеги гумжардамды жөнөттү

© Фото / пресс-служба МЧС РФРоссия Газа эли үчүн 25 тонналык кезектеги гумжардамды жөнөттү
Россия Газа эли үчүн 25 тонналык кезектеги гумжардамды жөнөттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2023
Жазылуу
Гумжардамда азык-түлүк, гигиеналык каражаттар, кийим-кече, меш, жууркандар бар.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Россиянын ӨКМ куткаруучулары Газа секторунун калкы үчүн 25 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Ил-76 учагы Казан аэропортунан Египетке учуп кетти. Бул тууралуу ведомствонун Telegram-каналына жарыяланды.
"Россиянын ӨКМи Газа секторунун калкы үчүн 25 тонналык кезектеги гумжардамды жөнөттү... Ведомствонун Ил-76 учагы Казандын аэропортунан учуп кетти. Гуманитардык жүк Египет Араб Республикасынын аймагына жеткирилип, египеттик Кызыл жарым ай коомчулугунун өкүлдөрүнө өткөрүп берилет. Алар жүктү кайра Газа элине жөнөтөт", — деп айтылат маалыматта.
Россиялык гумжардам РФ президенти Владимир Путиндин көрсөтмөсү жана РФ ӨКМ жетекчиси Александр Куренковдун тапшырмасынын негизинде уюштурулду.
Гумжардамда азык-түлүк, гигиеналык каражаттар, кийим-кече, меш, жууркандар бар.
Сириядагы америкалык аскерлер. архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
"Согуш күчөсө дейт". АКШнын Жакынкы Чыгыштагы келерки кадамы тууралуу айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0