13-ноябрда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

CC BY 2.0 / Lali Masriera / the who:daily recordsСуунун өчүрүлүшү. Архивдик сүрөт
Суунун өчүрүлүшү. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда 13-ноябрда оңдоп-түзөө иштеринен улам суу берүү үзгүлтүккө учурай турганын мэрия билдирди.
"Фрунзе көчөсү, Манас жана Жибек Жолу проспектилери, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү менен чектешкен аймакта 13-ноябрь күнү саат 9:00дөн 21:00гө чейин таза суу жок болот", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия бул күнү "Белинский" суу кампасында жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери жүрөрүн айтып, ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурады.
Муниципалитет жашоочуларга ичүүчү сууну камдап алууну эскерткен.
Вручение ОАО НЭСК восемь дизельных генераторов мощностью 120 кВт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2023
Өлкөдө электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн 8 дизелдик генератор алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0