Россия өзөктүк куралды жок кылуу жаатында Япония менен кызматташтыгын токтотту

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүРФтин Тышкы иштер министрлигин имараты. Архив
РФтин Тышкы иштер министрлигин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2023
Жазылуу
Тышкы иштер министрлигине кабыл алынган чечим боюнча япон тарапка кабарлоо тапшырылган.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Россия өкмөтү РФте кыскартыла турган өзөктүк куралды жок кылуу жаатында Япония менен кызматташууну токтотууга кадам таштады. Бул туурасындагы тиешелүү токтом укуктук документтердин расмий порталына жарыяланган.
Макулдашууга 1993-жылы кол коюлган.
Ушул эле документте РФтин Тышкы иштер министрлигине кабыл алынган чечим боюнча япон тарапка кабарлоо тапшырылган.
Россия Украинада атайын операция баштагандан кийин Токионун Москвага көзү түз болбой калганы Смоленск аянтында бир нече ирет айтылгандыгын РИА Новости жазды.
Дипломаттар Россияга каршы санкция киргизилгендигин, Киевге курал берүү, япон коомунда русофобиялык маанайдын отун жандыруу артып, Россиянын Ыраакы Чыгыштагы чектеринде Япониянын, АКШнын жана НАТОнун аскердик активдүүлүгү өскөндүгүн белгилешкен.
ТИМден мындай кырдаалда россиялык тарап Япония менен узак убакыт бою ынтымакта болуунун негизин түптөгөн тынчтык келишимин түзүү диалогун көрбөй турганын айтышкан. Москва Токионун конфронтациялык жаңы чабуулдарына катуу реакция кыларын эскерткен.
Атомдук бомбанын куполу деп аталган Хиросима префектурасынын өнөр жайын өнүктүрүү залы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2023
Япония өзөктүк бомбаны өлкөгө ким таштаганы тууралуу ооз ача албай койду
Жаңылыктар түрмөгү
0